• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кылмыштардын басымдуу бөлүгү Бишкек менен Чүйдө жасалган — жарым жылдын статистикасы

Коом 0

Бишкек, 04.08.22. /Кабар/. Жыл башынан бери жасалган кылмыштардын басымдуу бөлүгү Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь-июнунда республиканын аймагында 23 миң 300 кылмыш катталган, алардын саны 2021-жылдын тиешелуү мезгилине салыштырмалуу 0,7% төмөндөгөн. Мында кылмыштардын басымдуу саны (алардын жалпы санынын 63% дан ашыгы) Бишкек шаарында жана Чүй облусунда жасалган.

Оор жана өзгөчө оор кылмыштардын саны дээрлик 30%га төмөндөдү.

Кылмыштардын негизги бөлүгү (73% дан ашыгы) жеке менчикке каршы кылмыштар болду. 2021-жылдын январь – июнь айларына салыштырмалуу алардын саны республика боюнча дээрлик 12% га өстү, бул негизинен уурулуктун 1,4 эсеге, талап – тоноонун 15% га жана тоноонун 5% көбөйүшү менен шартталган. Муну менен бирге, опузалап талап кылуу 2,5 эсеге жана алдамчылык фактыларынын саны– дээрлик 24%. азайганы катталды

Жалпы республика боюнча жеке адамга каршы кылмыштардын саны өткөн жылдын январь-июнь айларына салыштырмалуу 1,4 эсеге көбөйдү. Муну менен катар зордуктоо жана зордуктоого аракет кылуу, ден соолукка оор зыян келтирүү – 4,4% га жана киши өлтүрүү учурларынын саны - 2,1% га төмөндөдү.

Баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланышкан кылмыштардын санынын дээрлик 23%га көбөйгөн. Мындай кылмыштардын эң чоң үлүшү (62%га жакыны) баңги заттарды сатып өткөрүү максатында сактоо менен байланышкан жана 32%га жакыны - баңги заттарды сатууну максат кылбастан сактоо менен байланышкан.

2022-жылдын январь-июнунда коомдук жайларда жасалган бир миңден ашык кылмыш иши катталды, алардын ичинен эң көп саны уурулук (39%), ээнбаштык (17%) жана тоноо (9%) учурларына туура келди.

Кылмыштардын санынын кыйла төмөндөшү Ысык-Көл (33,7% ), Талас (24,1% ) жана Ош (18,4% ) облустарында белгиленди.

Үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгында кылмыш жасаган 10,4 миңден ашык адам аныкталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 22% га аз. Алардын жалпы санынын ичинен аялдар 14% га жакын, жашы жете электер 9% га жакын, ал эми кылмыш жасаган адамдардын жарымынан көбү эч жерде иштеген эмес жана окуган эмес.

Пикир

Оставить комментарий