• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестри декабрь айында тесттик режимде иштеп баштайт

Коом 0

Бишкек, 27.09.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин (КЖБР) киргизүү маселеси боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Кеңешмеде Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебин жана Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин ишке киргизүү боюнча мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынып жаткан чаралар жөнүндө маалымат угулду.

Андан соң ченемдик-укуктук базаны бекитүү, КЖБР программалык камсыздоосун иштеп чыгуу, укук коргоо органдарын тийиштүү жабдуу менен камсыздоо, корголгон байланыш каналдарын уюштуруу, ошондой эле адистерди даярдоо жана окутууга байланыштуу маселелер талкууланды.
Учурда Бишкек шаарынын укук коргоо органдарынын базасында Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китебинин программалык камсыздоосу тажрыйбадан өткөрүлүүдө.

Эске салсак, Кылмыштарды эсепке алуунун электрондук китеби КЖБР киргизүү үчүн алгачкы кадам болуп саналат, аны түзүү зарылдыгы 2019-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын жаңы Жазык-процессуалдык кодексинин ченемдери менен шартталган.

Белгилей кетсек, жаңы кылмыш мыйзамында кылмыш ишин козгоо институту жоюлуп жана сотко чейинки өндүрүш КЖБРга маалыматтарды киргизген учурдан башталат. Бул чара алды менен жарандардын укуктарын жана эркиндигин камсыздоого багытталган, себеби укук коргоо органдарынын аракеттери билдирүүнү каттаган учурдан баштап Жазык-процессуалдык кодекстин талаптарына ылайык жүргүзүлүүгө тийиш, ал эми процесстин бардык катышуучулары сотко чейинки өндүрүштүн бардык баскычтарында жактоочулардын кызматтарын колдоно алышат.

КЖБР тесттик түрдө үстүбүздөгү жылдын декабрында иштөөсү күтүлүүдө.

Ошону менен бирге кеңешмеде белгиленгендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан КЖБР киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына - 102 млн 393 миң сом, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине - 6 млн 134 миң сом, Кыргыз Респулбикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына - 21 млн 72 миң сом бөлүндү.

Жакынкы мезгилдерде ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматына кошумча каражаттар бөлүнөт, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына каражаттардын экинчи траншын бөлүү маселеси каралат.

Кеңешменин жыйынтыгын чыгарган вице-премьер-министр Ж.Разаков мамлекеттик органдардын жетекчилеринин алдына Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрин киргизүү боюнча даярдык иш-чараларын өз убагында ишке ашыруу жана 2019-жылдын 1-январынан тарта анын толук кандуу иштөөсүн камсыздоо тапшырмасын койду.

Пикир

Оставить комментарий