• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кылмыштуу кирешелерди адалдоо. Кримтөбөл "Женгого" карата жаңы кылмыш иши катталды

Укук тартиби 0


Бишкек, 12.02.21. /Кабар/. "Женго" каймана аты бар кримтөбөлгө карата кылмыштуу кирешелерин легалдаштыруу фактысы боюнча жаңы кылмыш иши катталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан кылмыш жолу менен алынган акчаны легалдаштыруу механизмдерин аныктоого жана бөгөт коюуга багытталган уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алкагында, "Женго" каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновго карата, КР Кылмыш-жаза кодексинин 215-беренесинин 3-бөлүмү (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) кылмыштарынын белгилери боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Такталгандай, буга чейин эч жерде иштебеген жана ишкердик менен алектенбеген, бир нече жолу соттолгон К.Досоновдун жакын туугандарына жана ага байланыштуу башка адамдарга катталган (ар кандай класстагы 19 авто унаа) жана кыймылсыз мүлктөрүнөн (15 турак жай жана 35 жер тилкелери) сыяктуу көп сандагы кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө ээлик кылганы аныкталды.

Ошондой эле курулуш компанияларда К.Досоновдун бир катар ири өлчөмдөгү каржылоолору бар.

Учурда УКМК тарабынан акча каражаттарынын жана мүлктөрдүн келип чыгуу булактарын аныктоо жана тактоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылып жатат.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, 2020-жылдын 28-октябрында Ош шаардык соту тарабынан Досоновду камакка алуу боюнча сыртынан өкүм чыгарылып, издөө жарыяланган. 2021-жылдын 11-февралында Кадыр Досонов кармалган.

Пикир

Оставить комментарий