• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кылмыштуу жол менен табылган кирешелерге көзөмөлдү күчөтүү демилгеси сунушталды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 12-май /Кабар/. Жогорку Кеӊештин КСДП фракциясы кылмыштуу жол менен табылган кирешелерге көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган «Кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого), террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого каршы аракеттенүү жөнүндө» мыйзам долбоорун жактырды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу жол менен табылган киршелерди легалдаштыруу аракети баардык уюшкан кылмыштуу топторго таандык нерсе болуп саналат. Мындай аракеттер экономикалык жактан туура чечимдерди кабыл алууга тоскоол болуп, социалдык көйгөйлөрдүн тереӊдешине жана коррупциялык жосундардын жайылышына алып келет. Ал өзгөчө каржы рыногу менен банк кызматына терс таасирин тийгизет. Ошондуктан, арам акчаларды адалдатуу аракеттерине көзөмөлдү күчөтүү зарыл.

Белгилей кетсек, азыр дүйнө жүзүндө 500 террордук топ аракеттенет, алырдын ар жылдык кирешеси болжол менен 20 млрд сомго чейин жетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий