• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кылмыштуулук, сууга чөгүүлөрдүн алдын алуу. Токтогул милициясы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Токтогул милициясы эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, - деп билдирет Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Токтогул РИИБдин милициянын көчмө кабылдамасынын курамында участкалык инспекторлор, райондук медицина кызматкерлери жана айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн графиктин негизинде, райондун аймагынан алыс жайгашкан айылдардагы соода түйүндөрүндө, коомдук тамактануучу жайларда, Чычкан капчыгайында жаратылышта эс алуучулар арасында, ошондой эле тоо койнунда кожогат терип, Ош-Бишкек жолун бойлой соода кылган жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Тактап айтканда, алар жарандарга бузуулардын, кылмыштуулуктун, коронавирус илдетинин алдын алууда, жол транспорт кырсыктарын болтурбоо, сууга чөгүү жана жаратылышта эс алууда өз коопсуздуктарын сактоо боюнча түшүндүрмө беришип, ар кандай маанидеги кайрылууларды кабыл алышып, жеринде дарыгерлер тарабынан медициналык жардам көрсөтүлгөн болсо, ал эми милиция тарабынан юридикалык кеңештер берилди.

Пикир

Оставить комментарий