• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кылыч Саркарбаев кызматтан бошотулду

Аймак 0

Бишкек, 23.12.20./Кабар/. Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Саркарбаев Кылычбек Асылбекович ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасы боюнча Ош шаардык аймактык комиссиясы К.Саркарбаевди кызматтан алуу боюнча сунуш беришкен.

Эске сала кетсек, Саркарбаев аты-жөнүн жасалма документ аркылуу өзгөрткөн деген шек менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, аталган комитеттин Ош шаары жана Ош обулсу боюнча убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий