• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кылычбек Жолдошов тоолуу Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорунун эли менен жолугушту

Аймак 0

Бишкек, 22.11.18 /Кабар/. Жалал-Абад ОИИБнын башчысы Кылычбек Жолдошов тоолуу Чаткал, Ала-Бука жана Аксы райондорунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

“20-ноябрдагы жыйынга Чаткал районунун акими, администрация өкүлдөрү, Чаткал РИИБнин өздүк курамы, Кызыл-Токой, Терек-Сай айылынын эли катышты. Райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы аткарылган жумуштары тууралуу элге баяндама кылып, жарандардын суроолоруна жооп берди. Чогулушта социалдык маселелер, аймактагы чет элдик компаниялардын ишмердүүлүүгү, алтын кен казуу иштери боюнча суроолор көп болуп, аларга аким, тиешелүү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жооп беришти”, - дейт Жалал-Абад ОИИБнын басма сөз кызматы.

Ошондой эле 21-ноябрда 300 адамдын катышуусунда Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын кеңешме залында жана Аксы райондук маданият үйүндө 400 адамдын катышуусунда чогулуш өткөн. Анда жаш өспүрүмдөрдүн тарбиясы, ата-энелердин жоопкерчилиги, үй-бүлөлүк чыр чатактарды алдын алуу, жол коопсуздугу (үлпөт тойдогу кордетждер), чек арага чектеш аймактардагы мал уурулуктарды алдын алуу багытындагы иштер талкууланган.

“Айтылган маселелер боюнча К.Жолдошов ар бир сунуш көйгөйдү өз убагында чечүүгө жана иш жүзүндө натыйжасы болоорун убада кылды. Алсак, жол кыймылынын коопсуздугу багытында рейд уюштурула турган болду, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлору жана аймактык милиция кызматкерлерине айтылган сунуштарына карата тез арада иш багыттарын жандандырууга тапшырмалар берилди. Ошондой эле Кылычбек Жолдошов тарабынан “аймактык участкалык инспекторлор тейлеген аймагында гана жашасын” деген талап коюлуп, аларга шарт түзүп берүү боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен сүйлөшүүлөр жүрдү”, - деп айтылат маалыматта.

Кылычбек Жолдошов милициянын ишмердүүлугүнө эл жакшы пикирин билдирип, жетекчилердин эл менен тыгыз кызматташуусун жанданып жатканына ыраазычылыктарын билдирүү менен кылмыштуулукту алдын алуу бир гана милициянын иши эмес жалпы коомчулуктун милдети экендигин айткан.

Буга чейин мындай жолугушуулар Жалал-Абад шаарында, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак райондорунун айылдарында өткөн.

Пикир

Оставить комментарий