• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Бишкекте 100 жаштан ашкан 4 шаар тургунун куттукташты

Коом 0

Бишкек, 30.09.22. /Кабар/. Карылардын эл аралык күнүн утурлай Свердлов районунун акимиаты жүз жашка чыккан жана андан да узак жашаган тургундардан кабар алды.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, акимчиликтин кызматкерлери кылым карыткан, 100 жаштан ашкан 4 шаар тургунуна барып, материалдык жардам көрсөттү.

Борбор калаанын муниципалитети шаардыктарды Карылардын эл аралык күнү менен куттуктап, бардыгына чың ден соолук жана бакубатчылык каалайт.

Пикир

Оставить комментарий