• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кылымдарды карыткан кыргыз-ѳзбек достугу

Аналитика 0

Быйыл Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосунда дипломатиялык алакалардын расмий орнотулганына 24 жыл толду. 1993-жылдын 16-февралында эки мамлекет бул тууралуу нота алмашкан болчу. Расмий дипломатиялык алакаларды орнотуу чоң саясий мааниге ээ болгон окуя болуп, эгемен Кыргызстан жана Ѳзбекстан үчүн дүйнѳ коомчулугу алдында азыркы заман дипломатиялык талаптары негизинде эки мамлекеттин ортосундагы мамилелердин эларалык деңгээлге кѳтѳрүлүшүнѳ шарт түздү.

Бирок, эзелтен коюң-колтук алышып, бир дарыядан суу ичип, базары да - мазары да бир, ѳз ара урмат-сый менен коңшу болуп жашап келе жаткан эки боордош кыргыз жана ѳзбек элдеринин достугуна негиз салган олуттуу ѳбѳлгѳ кылымдарды карыткан элдик дипломатия болуп саналат.

Тарыхый маалыматтарга кайрылсак, кыргыз-ѳзбек достугунун тарыхы кылымдарга барып такалат. Маселен, кыргыздын залкар эпосу “Манаста” Анжыян деген сѳз ѳтѳ арбын жолугат. Эпостогу “Алтайдан кѳчүп алсак дейм, Анжыян жакка барсам дейм”, “Атамдан калган Анжыян, Акыры издеп табам деп”, “Башта ушул Анжыян, Бабаң ѳскѳн жер экен”, деген саптар бар. Ошондой эле, эпосто Маргалаң кыргыздарга чектеш жашаган элдин соодачылыкта чоң мааниге ээ болгон шаары катары кѳп эскерилет.

Изилдѳѳчүлѳр «Бабур-намэ» чыгармасында жаш Бабур Аксы, Мады жана Ѳзгѳндү бир канча жолу тилге алгандыгын, Алай жайлоолорунда аңчылык кылгандыгын, аймактын жаратылышын, табиятын, жан-жаныбарларын ѳтѳ кооз сүрѳттѳп бергендигин айтышат. Улуу Моголдор династиясын негиздөөчүсү Бабурдун бир канча нойондору кыргыздар болгондугуна кѳңүл бурушат.

Аксакалдарыбыз, мурдакы Союз доорунда Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосундагы байланыштарды, достук мамилелерди жакшы жактан эскеришет. Мисалы, кыргыздын залкар акын жана жазуучусу Аалы Токомбаев кыргыз-ѳзбек адабиятынын достугуна чыйыр салган инсандардын бири деп айтууга болот. Ал Ташкентте окуп жүргѳн мезгилде ѳзбек адабий мурасы, калыптанып келе жаткан жаңы адабий аалам жана анын ѳкүлдѳрү менен жакындан таанышат. Ташкентте жарык кѳргѳн кыргыз тилиндеги «Эркин-тоо» гезитине алгачкы чыгармалары басылат, 50-жылдарда улуу ѳзбек акыны Навоинин чыгармаларын биринчи болуп кыргыз тилине которгон. Кыргыз интеллигенциясынын улуу муунун ѳкүлдѳрү чыгыш таануу илими, театр жана искусство, химия технологиясы жана башка адистиктер боюнча Ташкенден илим-билим алганын, ушул жерде кандидаттык жана докторлук диссертацияларын жактагандыктарын оозунан түшүрбѳй айтып келишет.

Ал эми Ѳзбекстандын калкы Чынгыз Айтматовдун ѳзбек элинин бай маданияты, байыркы тарыхы, руханий ааламына дайыма улуу урмат-сый менен карагандыгын зор ыраазычылык менен эскеришет. Тактап айтканда, 1985-1988-жылдары «пахта иши», «ѳзбектер иши» деп аталган доомат натыйжасында куугунтукка алынган Ѳзбекстан жана өзбек элинин шан-шѳѳкѳтүн коргоп чыкты. Чынгыз Айтматовдун тарыхта байыркы Византия Кадимки Руска кандай таасир көрсөткөн болсо, байыркы өзбек маданияты, адабияты да Борбордук Азияга ошондой таасир көрсөттү деген сөздөрү бүгүнкү күндө да көпчүлүк өзбекстандык интеллигенциянын төл сөздөрүнө айланган. Кыргыз жана ѳзбек элдеринин тарыхы жана тагдыры бир экендигин айгинелеген кѳптѳгѳн мындай мисалдарды келтирүүгѳ болот.

Бирок, боордош эки калктын достугу тарыхый сыноолорго дуушар болду, элдер ортосунда коогалаңдар пайда болуп, кандуу окуялардын болушуна чейин барды. 1990 жана 2010-жылдардагы Ош окуялары эки элдин достугу үчүн зор сыноо катары тарыхта кала берет.

Бирок, ошол эки окуяда тең илгертен уланып келе жаткан кыраакы жана акылман элдик дипломатия сабырдуулук менен кыргыз жана ѳзбек элдерин ынтымакка чакырды. Эки мамлекеттин жетекчилери, аксакалдары, азамат уул-кыздары шайтандын күткүсүнѳ алдырбай, акыл-эс менен иш тутуп, элдер ортосундагы достукту калыбына келтирүүгѳ аракет кылышты.

Ошол кезде Ош облусунун акими, кийинчерээк Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчиси болгон Батыралы Сыдыков, кыргыз-ѳзбек ѳкүлдѳрү белгилүү жазуучулар Чынгыз Айтматов, Адыл Якубов, Пиримкул Кадыров жана башка таанымал, абройлуу инсандар менен үймѳ-үй жүрүп, бир-бири менен касташкан элди жараштыруу ѳтѳ оор болгонун, мында элдик дипломатия ыкмалары жардам бергенин дайыма айтаар эле.

Чынында эле ошол кезде эң биринчи кезекте Ѳзбекстанда жашаган жергиликтүү кыргыздардардын ѳмүрү, коопсуздугу орчундуу маселе болгонуна ѳзүбүз күбѳ болдук. Ошондо маркум президент Ислам Каримов чечкиндүүлүк менен «Ѳзбекстанда жашаган кыргыздар – Ѳзбекстандыкы, алар – менин кыргыздарым, Кыргызстанда жашаган ѳзбектер – Кыргызстандыкы» деп маселеге чек койду. Коогалаңдуу окуялар басылып, Ислам Каримов Ошко барган кезде ѳзбек аксакалдары арыз менен кайрылмакчы болгондо, «Сиздер Кыргызстандын жарандарысыз, андыктан ѳз президентиңерге кайрылгыла» деп айткан.

Тилекке каршы коогалаңдуу кандуу окуя 2010-жылдын июнь айында кайра кайталанды. Мында да Ислам Каримов, «бул окуя үчүнчү тараптын түрткүсү менен болду. Мында ѳзбектин да, кыргыздын да күнѳѳсү жок. Ѳз ортобузда болгон маселелерди ѳзүбүз чечип алабыз. Эгер кимдир-бирѳѳ канга-кан, жанга-жан деп, ѳзбекстандык кыргыздарга зыян келтире турган болсо, ал Президентке, мага, мамлекет сыясатына каршы барган болот» деп жүзѳгѳ ашышы мүмкүн болгон кѳңүлсүз окуялардын алдын алган.

Ѳзбекстандын учурдагы Президенти Шавкат Мирзиёев (ал кезде Премьер-министр болчу) Кыргызстандын убактылуу ѳкмѳтүнүн мүчѳсү Алмазбек Атамбаев менен күн сайын сүйлѳшүп, пайда болгон татаал кырдаалды жѳнгѳ салып, эки элдин ортосундагы достукту, боордоштук алакаларды сактап, аларды кайрадан калыбына келтирүү үчүн иш-чараларын жүзѳгѳ ашыргандыктарын жѳнѳкѳй эл жакшы билет. Шавкат Мирзиёев Ѳзбекстандын куралдуу күчтѳрүнѳ, «куралыңарды Кыргызстанга карай мээлебегиле, алар биздин душман эмес» деп берген кѳрсѳтмѳсүн кыргызстандык качкындарды кѳргѳнү Анжиянга барган чет ѳлкѳлүк журналисттер азырга чейин айтып жүрүшѳт.

Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосундагы мамилелердин жакшы нукка бурулушуна 2016-жылдын июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде президенттер Алмазбек Атамбаев менен Ислам Каримовдун жолугушуусунан башталды деп айтууга болот. Ошондо эки мамлекеттин жолбашчылары протоколдон чыгып, жеке сүйлѳшкѳнүнѳ жалпы маалымат каражаттары кѳңүл бурду. Эки мамлекеттин ѳз ара мамилелеринде жылуу маанайдагы ѳзгѳрүүлѳр сезиле баштады. Кыргыз-ѳзбек достугун калыбына келтирүү чейрек кылымдан кѳбүрөөк Ѳзбекстанды кылт эттирбей башкарган, ѳткѳн жылы аманатын Аллага тапшырган Ислам Каримовтун керээзи катары баалашат кээ бир байкоочулар.

Ислам Каримов ааламдан ѳткѳндѳн соң убактылуу Ѳзбекстандын президентинин милдетин аткаруучусу болгон Шавкат Мирзиёев алгачкы күндѳн баштап, эң оболу Борбор Азиядагы чектеш болгон коңшулар менен мамилелерди жакшылоого кѳңүл бурду. Бир канча жылдардан бери жабык болгон, Кыргызстан менен Ѳзбекстан ортосундагы карым-катнашты байлап турган негизги «Достук» чек ара постун ачылышынын ѳзү чоң окуя катары кабыл алынды. Анткени, Кара-Суу шаарынан агып ѳткѳн Анжиян дайрасынын эки ѳйүзүндѳ жашаган калк бир-бири менен Ташкент-Казакстан аркылуу катташып калган эле. Фергана ѳрѳѳнүндѳ эзелтен коңшу болуп жашап келе жаткан Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын ѳкүлдѳрүнѳн турган Кыргызстандын делегациясынын Анжиянга келиши, Фергана, Анжиян, Наманган облустарынын ѳкүлдѳрүнүн Ошко барышы кыргыз-ѳзбек элинин достугун жакшыртуу урааны сѳз гана болуп калбастан, чын пейилден жасалган жѳрѳлгѳ экендигин кѳрсѳттү.

Айрыкча, Президент Алмазбек Атамбаевдин Самаркандга жасаган сапары бул багыттагы иш-аракеттин жаңы баскычка кѳтѳрүлүшүнѳ, мындан ары да ийгиликтүү уланышына ыңгайлуу шарт түздү. Кыргызстан жетекчисинин Шавкат Мирзиёевге, «ар бир доордун ѳз лидери болот, Сиз Ѳзбекстан калкы күткѳн лидерсиз» деген сѳзү коомчулук тарабынан жогору бааланды.

Жогоруда айтылгандардан улам, кыргыз жана ѳзбек калкы да, эки мамлекеттин жогорку деңгээлдеги жетекчилери да байыркы тарыхтан уланып келе жаткан элдерибиздин ортосундагы достукту абайлап-асырап, мындан ары да ѳркүндѳтүүгө кызыктар экендигин турмуштун ѳзү кѳрсѳтүп турат.

Кыргызстан жана Ѳзбекстан эгемен мамлекет бул алкактагы мамилелерди эл аралык дипломатия эрежелердин негизинде жүргүзүп жатат. Бишкекте Ѳзбекстандын, Ташкентте Кыргызстандын элчиликтери ачылган, ѳз ара элчилер менен алмашкан. Ѳткѳн жылдын июнь айына чейин Салижан Жигитов, Батырали Сыдыков, Улугбек Чиналиев, Азизбек Мадмаров, Анварбек Мокеев, Эмилбек Узакбаев Кыргызстандын Ѳзбекстандагы элчиси болуп иштешкен.

Алардын бардыгы ѳздѳрүнѳ жүктөлгѳн милдетти чын ыклас менен аткарып, Кыргызстан-Ѳзбекстан дипломатия тарыхында ѳчпѳс из калтырышты, кези келгенде изилдѳѳчүлѳр, жаш муундун ѳкүлдѳрү ѳз бааларын беришет. «Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей ар бир элчинин иш-аракетинин натыйжасы эң оболу эки мамлекет ортосундагы мамилелердин кандай даражада болгондугуна, эки мамлекет лидерлеринин саясий эркине түздѳн-түз байланышта болду десек жаңылышпайбыз.

Бирок, Кыргызстан менен Ѳзбекстандын ортосундагы мамилелердин жакшы маанайда ѳнүгүшүн туу чокусу Батыралы Сыдыков элчи болгон доорго туура келди. Мен ал кезде элчиликте атташе милдетин аркалап, дипломатиянын негиздерин ѳздѳштүрүү менен катард Б.Сыдыковдон жетекчилик жана башкаруунун, адамдын ички руханий дүйнѳсү менен коомдук проблеммалардын айкалышын назик жактарын үйрѳндүм. Эки мамлекет ортосунда болгон чоң саясий окуялардын күбѳсү болдум.

Бир гана мисал. 1996-жылдын декабрь айында Кыргызстандын ал кездеги президенти Аскар Акаев жетектеген чоң делегация Ташкентке келди. Күн тартибине Кыргызстан менен Ѳзбекстан ортосунда түбѳлүк Достук тууралуу келишимге кол коюу, эки тараптын ѳз ара сүйлѳшүүлѳрү сыяктуу маселелер бар болчу. Ошондо Батыралы Сыдыкович эки президенттин катышуусу менен элчиликтин ачылыш аземин ѳткѳрѳбүз дегенде, тышкы иштер министрлигинин кызматчылары протоколдо бул маселе жок деп болбой коюшкан. Себеби элчилик Батыралы Сыдыковичтин тыным билбей жасаган аракеттеринин натыйжасында Кыргызстандын менчиги катары сатып алынган эски имаратта жайгашкан болчу. Аземди ѳткѳрүүнүн максаты – элчиликтин жаңы имаратынын макети гана даяр болуп, ошону президенттерге кѳрсѳтүү, аны курууга уруксат жана кѳмѳк алуу болгондугун кийин гана түшүндүк. Визиттин башталышына эки күн калганда, Ислам Каримовдун эң ишенген адамы, Ѳзбекстан Премьер-министрин биринчи орунбасары Исмаил Журабеков кечки саат ондо элчиликке келип, маселенин оң тарапка чечилгенин айткан эле. Эки күндүн ичинде элчилик жайгашкан кѳчѳгѳ жаңыдан асфальт басылып, үйлѳр боёлуп, бак-дарактар тартипке келтирилди.

Ѳзбекстан президентинин Дүрмѳндѳгу резиденциясында расмий сүйлѳшүүлѳр бүткѳндѳн кийин эки мамлекеттин президенттери Аскар Акаев, Ислам Каримов, Кыргызстан ТИМ жетекчиси Роза Отунбаева, Чынгыз Айтматов жана башка делегация мүчѳлѳрү элчиликке келишти. Протокол боюнча 40 мүнѳттүн ордуна эки жарым саат кадимкидей эле баарлашып отурган болчу. Ошондо Ислам Каримовдун «Ташкент - Ѳзбекстандын жүрѳгү, кыргыз боордошторубуга жүрѳгүбүздүн тѳрүнѳн жай бердик, Ѳзбекстандагы үч жүз миңден ашуун кыргыз үйлѳрүнѳ дагы бир үй кошулду» деген сѳздѳрү эсте калды. Бул окуя расмий дипломатия менен элдик дипломатияны айкалыштырып алып баруунун үлгүсү болуп тарыхта калат…

Калкыбызда «Жетинин бири – кызыр» деген кеп бар. Ѳткѳн жылдын июнь айында Президент Алмазбек Атамбаевдин атайын жарлыгы менен Кыргызстандын Ѳзбектандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу жетинчи элчиси болуп Данияр Батырович Сыдыков дайындалды. Бул жигит жогорудагы элчилерден айырмаланып, тышкы иштер министрлиги курамында кѳп жылдан бери иштеген, атайын дипломатиялык илим алган, заманбап, профессионал элчи. Батыралы Сыдыковичти жакшы билген Ѳзбекстан коомчулугу бул жаңылыкты «Ат ордун тай басат» деп жакшы маанайда тосуп алды. Ошону менен бирге жаңы элчинин кадамы кандай болот? Эки элдин достугун жакшылоодо атасынын деңгээлине жете алабы? деген сыяктуу суроолор менен элчиликтин иш-аракетине кѳңүл бурууда. Албетте бул суроолор Данияр Батыровичтин элчи катары жоопкерчилигин бир канча жолу ашырат.

Учурда мамлекеттерибиздин жолбашчылары Алмазбек Атамбаев менен Шавкат Мирзиёевдин жеке демилгелери менен кыргыз-ѳзбек достугунун жаңы доору башталды деп айтууга болот. Бул багыттагы иш-чараларды жүзѳгѳ ашырууда расмий дипломатияга ийгиликтерди каалайбыз жана элдик дипломатиянын кенен тамыр жайышына тилектешпиз!

Төлөнбай Курбанов, Ташкент, 15-февраль 2017-жыл.

Пикир

Оставить комментарий