• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кылымга тете жашаган Анипа Кабеновага “Офицердин жубайы” медалы тапшырылды

Коом 0

Бишкек, 10.05.21. /Кабар/. Чүй облустук милициясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасы, милициянын отставкадагы полковниги А.Асанов кылымга тете жашаган Анипа Кабеновага “Офицердин жубайы” медалын тапшырды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Анипа Кабенованын жолдошу Молдоакмат Кабенов ички иштер органдарында кызмат өтөп, милициянын капитаны наамына жеткен. Молдоакмат Кабенов 1923-жылы Чүй облусунун Чүй районунда туулган. Ал жашынан эле оор турмушту башынан өтөрүп, Улуу Ата Мекендик согушка катышкан. Согуш талаасынан аман-эсен кайтып, кийин өз эли үчүн кызмат кылуу максатында жогорку билим алып, ички иштер органдарында кызмат өтөгөн. Молдоакмат Кабенов жумушуна байланыштуу, Чүй жана Нарын облустарында эмгектенип, акыркы жылдары Ысык-Ата райондук жана Токмок шаардык ИИБдеринде жетекчилик кызматтарында кызмат өтөп ардактуу эс алууга чыккан.

Анипа Кабенова Чүй облусунун Чүй районунда 1923-жылы туулган. Ал согуш мезгилинде орукта эмгектенип турмуштун бардык сыноолорунда чыйралган. Молдоакмат Кабеновдун кызматтан жогорулап, жетишкен ийгиликтерине жубайынын эмгеги өтө чоң экендиги талашсыз. Офицердин жубайы болуу канчалык түйшүктүү жана сыймыктуу экенин каарманыбыз эң мыкты билет. Себеби, жолдошунун жумушуна байланыштуу балдарын ээрчитип, Чүй жана Нарын облустарында көчүп-конуп иштеп жүргөн күндөрү көз алдында экенин кошумчалады. Ошентсе да, балдарынын жогорку билим алуусу үчүн болгон мүмкүнчүлүгүн жумшап төрт баласын тең жогорку окуу жайларга окутушуп, өз алдынча турмуш жолуна узатышкан.

Анипа Кабенованын балдарынын улуусу учурда 75 жашка барып калган. Ал Аскарбек Кабенов өмүр бою автобазада эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан, кийинки баласы Сталбек Кабенов жол тейлөө кызматында иштеп учурда ардактуу эс алууда. Кыздарынын бири Жамиля Кабенова саламаттык сактоо тармагында көп жылдан бери эмгектенип келсе, кенже кызы Роза Кабенова билим берүү тармагында 45 жылдан бери эмгектенип келет.

Учурда Молдоакмат Кабеновдун жолун жолдогон неберелери күч түзүмдөрүндө жана укук коргоо органдарында кызмат өтөп, полковник наамдарына жетишкени чоң апасын чексиз кубанычка бөлөп келет. Анипа Кабенова өз ден соолугуна мыкты кам көрүп жүргөндүктөн баскан турганы сүйлөгөнү тың. Ал башынан өткөн окуялары тууралуу небере-чөбөрөлөрүнө айтканда ар бир окуянын жылдарына чейин унутпай айтып бергени менен баарын таң калдырып келет.

Анипа Кабенова жолдошунун каза болгонуна 40 жыл өтсө дагы, жолдошунун эмгегин эске алып, офицердин жубайы медалын тапшырып жаткан ички иштер органдарынын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, ак батасын берди.

Пикир

Оставить комментарий