• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кырчын этношаарчасынын ишинин жыйынтыктары чыгарылды

ДКО 2018 0

Чолпон-Ата, 07.08.19. /Кабар/. Бактуу-Долоноту айылындагы Ден соолукту чыңдоо борборунда Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекованын, Кырчын этношаарчасындагы КРнын облустарынын Ордо боюнча башкы режиссёру Зарылбек Молдобакировдун, КРнын Улуттук Кызыл Жарым Ай коомунун Ысык-Көл облустук кеңсесинин директору Жыпаркүл Кадыралиеванын, “Выль зардон” Удмурт фольклордук ансамблинин жамаатынын жана Гвинеядан келген музыкалык топтун катышуусунда маалымат жыйыны өттү.

“Маалымат жыйыны расмий эмес түрдө башталды. “Көчмөндөр ааламы” эл аралык фестивалынын катышуучулары, Удмуртиядан жана Гвинеядан келген коноктор журналисттерге музыкалык чыгармаларды аткарып беришти”, - деп билдирет Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катчылыгы.

Айнура Темирбекова 3-сентябрдан 6-сентябрга чейин III ДКОнун алкагында Кырчын этношаарчасы ачылып, ал жерде Этнобазар, чет элдик катышуучулардын ордосу, Хан-ордо, коомдук бирикмелердин ордолору, Пресс-Ордо, Кыргызстандын 7 облусунун, Ош, Бишкек шаарларынын ордолору орнотулганын айтты.

Зарылбек Молдобакировдун айтымында, Кырчын этношаарчасында миңге жакын боз үй тигилген. Ар бир облустун ордосу өзүнчө уникалдуу болуп, алардын ар биринде аймактык өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кыргыз элинин каада-салттарын көрсөтүшкөн.

Салттык искусство боюнча “Көчмөндөрдүн турмуштук оюндары” мелдештери өткөрүлүп, анда командалар көчмөн элдердин жашоосунда колдонулган искусствонун салттык түрлөрү - “Ийик ийирүү”, “Жүк жыюу”, “Ала кийиз басуу”, “Чий согуу”, “Жөө айтыш”, “Уук жасалуучу талды тез арчуу” боюнча беттешишкен.

Зарылбек Молдобакиров белгилегендей, кийизден жасалган килемди жасоо боюнча мелдештердин жүрүшүндө катышуучулар 1,5-2 саатта сынактык буюмду даярдашкан. Байыркы мезгилде бул үчүн 1-2 күн сарпталган.

Чет элдик туристтерди боз үйдү тез аранын ичинде тигүү боюнча сынак таң калтырган. Бул жарышта Ош шаарынын өкүлдөрү 7 мүнөт 18 секундда боз үйдү тигип бүтүшүп, 1-орунду алышкан.

Маалымат жыйындын жүрүшүндө КРнын Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлү Жыпаркүл Кадырлаиева журналисттерге Кырчын этношаарчасында жана башка иш-чаралар өткөн жерлерде уюмдар окуткан ыктыярчылар муктаждык пайда болгондо биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөнүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий