• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кырчын капчыгайында спирт ичимдигин сатууга тыюу салынды

Коом 0

Бишкек, 24.08.18. /Кабар/. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында этонофестиваль өтө турган Кырчын капчыгайында алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салынды, ар бир автоунаанын ичи текшерилет. Бул тууралуу Ысык-Көл районунун акими Данир Иманалиев социалдык түйүндө маалымдады.

Анын айтымына караганда, Темир жана Семенов айыл аймактарынын жергиликтүү кеңештери Кырчын капчыгайында толугу менен алкоголдук ичимдик сатууга тыюу салынган чечим кабыл алышкан.

Ысык-Көл облустук ички иштер орган кызматкерлери, тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү жана элдик кошундар кабыл алынган эреженин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн бардык аракеттерди көрүшөт.

“Биздин милиция ар бир унааны текшерет. Ага байланыштуу бардык конокторду абалды түшүнүү менен кабыл алуусун суранабыз. Биз көчмөндөр оюндарынын эң жогорку деңгээлде жана коопсуздукта өтүшү үчүн бардык нерсени жасашыбыз керек”, - деп билдирип, аким аталган маалыматты жергиликтүү тургундар арасында жайылтуу боюнча иш-аракеттер жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий