• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кырчында Тянь-Шань карагайы кыйылып, токой чарбасына 69 миң сом зыян келтирилген

Аймак 0

Бишкек, 14.09.21. /Кабар/. КР Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Мамлекеттик токой чарба агенттиги үстүбүздөгү жылдын 10-сентябрынан 12-сентябрына чейин Ысык-Көл токой чарбасынын Кырчын тилкесине текшерүү жүргүзгөн.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, күтүүсүз текшерүүнүн жыйынтыгында 14,6 куб метр Тянь-Шань карагайы кыйылып, токой чарбасына 69 миң 47 сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталган.

Бул факты боюнча Мамлекеттик токой чарба агенттиги Ысык-Көл токой чарба ишканасына белгиленген тартипте мыйзамсыз токой кыюу боюнча материалдарды укук коргоо органдарына өткөрүп берүүнү тапшырды.

Ошондой эле Ананьево токой чарбасынын Кичи-Аксуу токойчусу М.Райымбеков кызматтан бошотулганга чейин күнөөсүн мойнуна алынгандыгына байланыштуу, андан токой чарбасына келтирилген зыянды өндүрүү, мындан тышкары, Ысык-Көл токой чарбасынын директоруна катуу дисциплинардык чараларды көрүү тапшырылды.

Мыйзамсыз токой кыюуга жол бербөө максатында Мамлекеттик токой чарбасы агенттиги Ысык-Көл токой чарбасына берилген токойду тазалоо боюнча бардык уруксаттарды жокко чыгарды жана ушул жылдын 13-сентябрынан тартып мамлекеттик токой фондусунун аймагында жыгач даярдоону убактылуу токтотууну тапшырды. Ошондой эле, Кичи-Аксуу жана Чок-Аксуу капчыгайларында жайгашкан постторго видеобайкоо камераларын орнотуу процессин тездетүү тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий