• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кырчында жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бирөө оор абалда

Кырсык 0

Бишкек, 06.09.18. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун Кырчын капчыгайында жол кырсыгы катталып, 4 адам жабыркады. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы 4-сентябрда саат 17:00 чамасында Семеновка-Ак-Суу унаа жолунун 12-чакырымында болгон. Анда Golf жана Subaru сүзүшкөн.

"Учурда тергөө иши жүрүүдө. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча эки айдоочу тең соо болгон", - деп билдиришти милициядан.

"Кабар" агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, ооруканага жаткырылган 4 адамдын баары - эркектер.

"Алардын биринин абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө жатат. Калган үчөө жалпы палаталарда, ар кандай жаракаттарды алышкан", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий