• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кырчындагы этношаарча өз ишин аяктады

ДКО 2018 0

Кырчын, 06.09.18. /Кабар/. Кырчын капчыгайында бүгүн үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын этношаарчасын салтанаттуу түрдө жабышууда.

Жабылыш аземге КРнын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов катышты. Ал президент Сооронбай Жээнбековдун жана өкмөттүн атынан Кырчындагы маданий жана спорттук программанын уюштуруучуларына, калыстарга жана конокторго ыраазычылыгын билдирди.

Андан соң боз үйдү тез арада тигүү, элдик көл өнөрчүлүк жана башка сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Маданий бөлүктүн байге фонду 3 миллион сомду түздү. КРнын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиевдин өзүнчө буйругу боюнча дагы 3 миллион сом кошулган. Жыйынтыгында байге фонду 6 миллион сомду түздү.

Байге ээлерин медаль жана акча менен сыйлоо учурунда өкмөт ар бир облуска жана Бишкек, Ош шаарларына 150 миң сомдон берди. Андан сырткары “Сары-Өзөн”, “Ала-Тоо айымдары”, “Кийиз”, “Тогуз-Торо” жаштары, “Кыргыз коому” жана башка коомдук уюмдар түрдүү иш-чараларды өткөрүүгө кошкон салымдары үчүн 150 миң сом менен сыйланышты.

Жыйынтыгында өкмөт эң байыркы боз үйлөрдү тиккен уюмдарга 30 миң сомдон тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий