• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кырдаал турукташканда телесериалдарды жана фильмдерди тартуу улантылат - Маданият министрлиги

Маданият 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда быйыл толук метраждуу эки көркөм фильм тартылууда. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, «Эрмен жыты» жана «Арноо» картиналарын тартуу иштери уланууда.

Министр кошумчалагандай, учурда бир нече сериалдарды жана анимациялык фильмдерди тартуу токтотулган.

“Кырдаал турукташкан соң, биз бул багытта ишти улантабыз”, - деп баса белгиледи ведомство башчысы.

Пикир

Оставить комментарий