• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз-казак чек ара тилкесине ӨКМ тарабынан чатырлар тигилип, тамак-аш уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Чүй облусунда 2017-жылдын 11-октябрында Казак Республикасынын бажы кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иш жүргүзүп жаткандыгына байланыштуу жол тыгыны пайда болгон. Бул тууралуу КР ӨКМ басма сөз кызматы билдирди.

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы “Акжол”, Ысык-Ата районундагы “Актилек”, Панфилов районундагы “Чалдыбар” постторунун жанына Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 9 чатыр тигилип, учурда КР ӨКМ жана жергиликтүү айыл өкмөттөрү менен биргеликте жолдо токтоп турган жүргүнчүлөргө жана айдоочуларга ысык тамак-аш берүү иштери уюштурулган.

Аламүдүн районунун “Акжол” постунда 2017-жылдын 11-октябрында саат 17:20 чамасында КР ӨКМнин №1 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана бөлүм башчысы капитан Сабыржан Аламановдун жетекчилигинде 3 чатырды тигишкен.

Аламүдүн районунун “Акжол” постунда Чүй облусунун ыйгарым укукту өкүлүнүн орун басары, Аламүдун районунун акими жана анын орун басары, Ленин айыл өкмөтүнөн 15 адам, Аламүдүн районунун тез жардам кызматынан 3 кызматкер, КР ИИМнин 20 кызматкери жеринде күзөттө турушкан.

Аламүдүн районунун “Акжол” постунда 150 метр жол тыгыны пайда болуп, жолдор акырындап ачылууда.

Панфилов районунун “Чалдыбар” постуна 2017-жылдын 11-октябрында саат 16:10 чамасында КР ӨКМнин №2 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары жана бөлүм башчысы майор Бакыт Мамырбаевдин жетекчилигинде 3 чатырды тигилди.

Ал постто Панфилов районунун акиминин орун басары, Фрунзе айыл өкмөтүнөн 6 адам, Панфилов районунун тез жардам кызматынан 2 кызматкер, КР ИИМнин 8 кызматкери жеринде күзөттө турушкан.

Панфилов районунун “Чалдыбар” постунда болжол менен 25 автоунаалар токтоп турат, жолдор акырындап ачылууда.

Ысык-Ата районунун “Актилек” постунда 2017-жылдын 11-октябрында саат 16:30 чамасында КР ӨКМнин №27 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары тарабынан 3 чатыр тигилип, КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук бөлүмүнүн башчысы подполковник Бакыт Молдоисаев жана куткаруучулары күзөттө туруп, жолдорду көзөмөлгө алууда.

Ал посто Ысык-Ата районунун акиминин орун басары, КР ӨКМ Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын орун басары, полковник М.Ж. Аширов, Бирдик, Ак-Кудук, Красная речка, Ивановка, Новопокровка айыл өкмөттөрдүн башчылары, Ысык-Ата районунун тез жардам кызматынан 3 кызматкер, КР ИИМнин 10 кызматкери жеринде күзөттө турушту.

Ысык-Ата районунун “Актилек” постунда интервалын 10-15 мүнөт кылып автоунааларды өткөрүүдө, жолдор акырындап ачылууда.

Пикир

Оставить комментарий