• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстанда орточо эсеп менен бир аялга 4 бала туура келет

Ден соолук 0

Бишкек, 12.07.18. /Кабар/. Кыргызстанда орточо эсеп менен бир аялга 4 бала туура келет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин консультанты Елена Баялинова билдирди.

Анын айтымында, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда 6 миллион 300 миң калк жашайт. Анын ичинен 50,5 пайызы аялдар (болжол менен 3 миллион 100 миң), 1 миллион 700 миңи - репродуктивдүү курактагы аялдар.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, репродуктивдүү ден соолуктагы ар бир аялга 4 баладан туура келет.

Пикир

Оставить комментарий