• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстан жана Афганистан тышкы иштер министрлеринин орун басарлары жолугушту

Саясат 0

Бишкек, 03.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-июлунда Европа Биримдиги-Борбордук Азия-Афганистан саясий жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку деңгээлдеги диалогдун жыйынынын алкагында КР тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиевдин Афганистандын тышкы иштер министринин орун басары Мирвайс Наб менен жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык, диний экстремизмге, эл аралык терроризмге жана баңги заттарынын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү жаатында кызматташуу, ошондой эле эки тараптык кызматташтыктын Биргелешкен планын кабыл алуу зарылдыгы тууралуу талкуулашты.

Министрдин биринчи орун басары Н.Ниязалиев аймакта коопсуздукту камсыздоодо Афганистандын чек аралык райондорунда туруктуулукту сактоонун маанилүүлүгүн белгилеп, Кыргызстандын афган аралык элдешүү процессин илгерилетүү үчүн бардык күч-аракеттерин жумшоого даяр экендигин билдирди.

Ошондой эле Н.Ниязалиев афган тараптын этникалык кыргыздардын абалын жакшыртуу боюнча, атап айтканда, Афганистандын Кичи Памиринде жол куруу боюнча көргөн чаралары үчүн кесиптешине жана ал аркылуу Афганистан өкмөтүнө ыраазычылыгын билдирди жана кыргыздарга гуманитардык жардам жеткирүүдө КР өкмөтүнө мындан ары жардам көрсөтүлөрүнө ишеним билдирди.

Министрдин орун басары Мирвайс Наб афган аралык жарашуу процессин илгерилетүүдө Афганистандын өкмөтүнө көрсөткөн колдоосу үчүн кыргыз тарабына ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал Афганистандын тынчтыкка, туруктуулука жана аймактык коопсуздукту чыңдоого умтулуусун баса белгилеп, боордош жана дос мамлекеттердин жардамы менен афган эли тынчтыкка жана гүлдөп-өсүүгө жете тургандыгын билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-афган эки тараптуу мамилелерин чыңдоо үчүн күч-аракеттерин жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий