• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз-афган мамилелеринин актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 24.12.20. /Кабар/. Кечээ, 23-декабрда КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев афган тараптын өтүнүчү боюнча Афганистан Ислам Республикасынын Кыргызстандагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Абдул Маджид Каргарды кабыл алды. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-афган мамилелеринин күн тартибинин актуалдуу маселелери, анын ичинде Чоң жана Кичи Памирдеги афган кыргыздарынын абалы талкууланды. Андан тышкары тараптар инфратүзүмдүк долбоорлордун жана регионалдык интеграциялануунун мындан аркы өнүгүүсү боюнча көз караштарын билдиришти.

КР Тышкы иштер министри Казакбаев 2020-жылы башталган ички афгандык элдешүү процессин колдоорун жана аны Афганистанда тынчтыкка жетишүү максатында илгерилетүүгө жана жалпысынан регионалдык коопсуздуктун бекемделишине үмүтүн билдирди.

Пикир

Оставить комментарий