• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргыз-албан мамилелеринин учурдагы абалы талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 31.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев Албания Республикасынын Түркиядагы элчиси жана ошол эле учурда Кыргызстанда дагы Анкарадан аккредитация болгон элчи Кастриот Робо менен жолугушту. Бул тууралуу дипломат социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-албан мамилелеринин учурдагы абалын талкуулап, эки тараптуу кызматташтыкты бардык тармактарда кеңейтүү боюнча бирдиктүү пикирге келишкен.

"Ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча пикир алмаштык. Жолугушуунун жыйынтыгында эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу максатында тыгыз жумушчу байланыштарды улантууга макулдаштык", - деди Казакбаев.

Пикир

Оставить комментарий