• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Архитектор Бишкекте курулчу жаңы футбол стадионунун долбоорун түздү – эскиз

Коом 0

Бишкек, 25.02.19 /Кабар/. Кыргызстандык архитектор Рахатбек Байтелиев акыркы учурда сөз болуп жаткан жаңы футбол стадионун куруу боюнча долбоор түздү. Жаңы аренанын эскиздерин ал өзүнүн Facebook'дагы баракчасына бөлүшкөн.

Анын айтымында, жаңы стадионду куруу тууралуу учурда көп сөз болуп атат, бирок так иштер, сунуштар же кадамдар жок. Бул абдан өкүнүчтүү.

"Ошондуктан мен архитектор, патриот катары стадиондун долбоорунун үстүндө иштөөнү чечтим. ФИФАнын көптөгөн талаптарын изилдеп, ушул эскизди даярдадым", - деп жазат Байтелиев.

Байтелиевдин пикиринде, тийиштүү мамлекеттик мекемелер бизди угуш үчүн, бул долбоор жарым жолдон токтоп калбаш үчүн баарыңыздардын жардамыңыз керек. Эгер ар бирибиз жардам көрсөтсөк, анда стадионду аз акча менен деле курса болот.

"Мен өзүмөн баштайын. Бул стадиондун долбоорун бекер эле түзүп берем. Мага кесиптештерим, инженерлер, конструкторлор жардам берип, колдойбуз деп жатат", - деди Байтелиев.

Эске салсак, Дене тарбия жана спорт агенттиги Бишкекте ФИФАнын талабына жооп берген жаңы көп функционалдуу футбол стадионун курууга инвесторлорду издеп жатканын билдирген.

Спорт агенттиги долбоорго катышууну каалаган инвесторлордун арызын 25-февралга чейин кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий