• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз-австрия кызматташтыгын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 01.06.21. /Кабар/. Кечээ, 31-майда Кыргызстандын Австриядагы элчиси Бакыт Жусупов Австриянын Федералдык экономикалык палатасынын вице-президенти Рихард Шенц менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга ошондой эле Австриянын Экономикалык палатасынын Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык менеджери Грегор Постль катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө учурдагы экономикалык кырдаал, эки тараптуу экономикалык мамилелердин абалы жана өнүгүшү жөнүндө кеңири маалымат алмашуу болду. Тараптар өз өлкөлөрүнүн өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын талкуулашты.

Элчи Кыргызстандагы учурдагы кырдаал, өткөн президенттик шайлоо жана Конституциялык референдум жөнүндө маалымат берди. Ошол эле учурда, Бакыт Жусупов Австрия менен соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуу жаатында Кыргызстандын артыкчылыктуу багыттары өзгөрүүсүз калгандыгын баса белгиледи.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын, айрыкча, гидроэнергетика, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, туризм жана санариптештирүү жаатында пайдаланылбай жаткан чоң потенциалы бар деп бир добуштан айтышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Австриянын ишкер делегациясын Кыргыз Республикасына уюштуруунун айрым маселелери боюнча макулдашууларга жетишилди.

Пикир

Оставить комментарий