• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргыз-австрия тышкы-экономикалык байланыш боюнча комиссиясынын кезектеги жыйыны өттү

Экономика 0

Бишкек, 29.01.20. /Кабар/. Кечээ, 28-январында Австриянын Вена шаарында кыргыз-австрия эки тараптуу биргелешкен тышкы-экономикалык байланыш боюнча комиссиясынын кезектеги 7-отуруму болуп ѳттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз делегациясын КРнын Финансы министри Б.Жээнбаева жетектеди, ал эми австрия тараптан тышкы экономикалык мамилелер боюнча Австриянын Санарип жана экономика федералдык министрлигинин башкы директору Ф.Вессиг теӊтѳрага болду.

Приоритеттүү багыттар боюнча буга чейинки каралган келишимге ылайык, делегациялардын курамына эки ѳлкѳнүн мамлекеттик органдардын башчылары жана орун басарлары да кирди.

Жолугушуунун жүрүшүндѳ тараптардын ортосунда актуалдуу экономикалык абал тууралуу, экономикалык мамилелердин абалы жана ѳнүгүшү тууралуу кеӊири маалымат алмашуу болду.

Күн тартибинин пунктарын талкуулоодо кыргыз делегациясынын ар бир мүчѳсү тарабынан докладдар жасалып, австриялык өнөктөштөр менен бирге перспективдүү биргелешкен долбоорлорду Кыргызстанда ишке ашыруу максатында презентациялар ѳткѳрүлдү.

Отурумдун катышуучуларынын кѳӊүлүн кыргыз тараптан теӊтѳрага Б.Жээнбаева санариптештирүү багытында биргелешип иштѳѳ мүмкүнчүлүктѳрүнѳ айрыкча бурду. Ал, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековдун өкмѳттүн алдына койгон тапшырмалары тууралуу, аны ишке ашыруудагы мамлекеттик органдар тарабынан жасалган иштер тууралуу маалымдады.

Тараптар энергетика областында (гидроэнергетика жана ВИЭ), инфраструктура жана транспорт, билим берүү, айыл чарба жана тамак-ашты кайра иштетүү, тоо-кендерин казуу жана туризмди ѳнүктүрүүдѳ биргелешип иштѳѳнүн потенциалын кызыгуу менен талкуулашты.

Биргелешкен тышкы-экономикалык байланыш боюнча Комиссиясынын кезектеги 7-отурумунун аягында Протоколго кол коюу аземи болду.

Кыргыз тараптан теӊтѳрага Б.Жээнбаева ѳзүнүн австриялык коллегасына жана баардык катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, кезектеги 8-отурумду Кыргызстанда ѳткѳрүү тууралуу сунушун айтты.

Пикир

Оставить комментарий