• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы түзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 28.08.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 509 токтомуна ылайык “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасын түзүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Станциялык жайларда жүргүнчүлөргө, ташуучуларга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, рационалдуу транспорттук системаны калыптандыруу, натыйжалуу жана максаттуу транспорт саясатын жүргүзүү максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. “Бишкек автовокзалы”, “Чыгыш автовокзалы”, “Ош областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы”, “Жалал-Абад областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы”, “Ысык-Көл областтык автобекеттер жана автокассалар ишканасы”, “Талас областтык автобекеттер, автостанциялар жана автокассалар ишканасы”, “Нарын областтык автобекеттер жана автостанциялар ишканасы” мамлекеттик ишканалары бириктирүү жолу менен Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигине караштуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы болуп өзгөртүп уюштурулсун.

2. “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканалардын укук улантуучусу болуп эсептелери аныкталсын.

3. “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынын Уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүүнү караштырган ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте киргизсин;

- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн;

- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик ишканаларды өзгөртүп уюштуруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүп берүү актысын бекитсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-августундагы № 463 “Бишкек автовокзалы” мамлекеттик ишканасынын Уставын бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий