• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз балбандары Азия чемпионатынан келери менен Азия оюндарына даярдыкты баштады

Спорт 0

Бишкек, 28.04.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Күрөш боюнча кыргызстандык балбандар XIX Азия оюндарына даярдыктарын баштады. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, Азия оюндары төрт жылда бир өтөт.

“Ал мелдешке даярдыкты баштадык”, - дейт ал.

XIX Азия оюндары 2022-жылдын 10-25-сентябрь аралыгында Кытайдын Ханчжоу шаарында өтөт.

Ал эми Монголиядагы Азия чемпионатында Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 14 медаль багындырышкан:

Алтын медаль:
Жоламан Шаршенбеков - 60 кг;
Тынар Шаршенбеков - 63 кг;
Акжол Махмудов - 77 кг;
Айпери Медет кызы - 76 кг.

Күмүш медаль:
Айсулуу Тыныбекова - 62 кг;
Мээрим Жуманазарова - 68 кг;
Эрназар Акматалиев - 70 кг.

Коло медаль:
Алмаз Сманбеков - 57 кг;
Улукбек Жолдошбеков - 61 кг;
Адилхан Нурланбеков - 72 кг;
Ислам Орозбеков - 74 кг;
Арсалан Будажапов - 79 кг;
Үзүр Жузупбеков - 97 кг;
Роман Ким - 130 кг.

Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өттү.

Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.

Пикир

Оставить комментарий