• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз балбандары ММА боюнча дүйнө чемпионатында жакшы жыйынтык көрсөтүштү – Улукбек Өмүрзаков

Спорт 0

Бишкек, 20.10.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Кыргызстан ММА боюнча дүйнө чемпионатында 27 өлкөнүн курамалары арасында командалык эсептөө боюнча 3-орунда туруп, жакшы жыйынтык көрсөттү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн жыйында ММА жана панкратион федерациясынын президенти Улукбек Өмүрзаков билдирди.

“Кыргызстан Азияда эң бир күчтүү командалардын катарында экендигине абдан кубанып отурам. Биздин балбандар абдан жакшы жыйынтык көрсөтүштү. Биз барын уттук, бир гана россиялык жана кавказдык спортчулардан жеңилип калдык”,-деди Өмүрзаков.

Анын айтымына караганда, келечекте спортчулар жалаң гана биринчи орундарды алышмакчы.

Өмүрзаков ар дайым спортчуларга дем-күч берип тургандыгын кошумчалады.

“Кээде спортчулар кандайдыр бир орунга ээ болушуп, жылдызга айлана башташат. Мен аларга бул кичинекей гана жеңиш деп, чоң нерсеге умтулуш керектигин айтам. Жалаң гана биринчи жана байгелүү орундарды алыш керек”,-деди ал.

Өз кезегинде ММА боюнча дүйнө чемпионатында байге уткан Рахменберди уулу Төлөгөн, федерация президентине жасаган бардык иштери үчүн терең ыраазычылык билдирди.

“Анын аркасы менен биз мелдешке катыштык. Ал бизге акча табып берди. Дүйнөлүк аренада өлкөбүздүн атынан тартыктуу катышышыбыз үчүн бардык нерсени жумшады. Анын жардамы болбогондо биз эч нерсе кыла албайт болчубуз”,-деди ал.

Эске сала кетсек, Астанада 6-7-октябрда ММА боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Биринчи орунду россиянын курамасы, экинчини – Казакстан алган.

Кыргызстандык спортчулар 27 өлкөнүн арасынан командалар арасында 3-орунга ээ болгон.

Кыргызстандын байге куржунунда 4 коло жана бир күмүш медаль бар.

Пикир

Оставить комментарий