• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз балбандары Венгрияда өтүүчү (U-23) күрөш боюнча дүйнө биринчилигине катышат

Спорт 0

Бишкек, 22.10.19 /Кабар/. Кыргыз балбандары Венгрияда өтүүчү (U-23) күрөш боюнча дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 28-октябрдан 3-ноябрга чейин Венгриянын борбору Будапешт шаарында өтөт.

Грек-рим күрөшү боюнча мелдеште Кыргызстандын намысын Сардар Конушбаев, Элмар Талантбек уулу, Жоламан Шаршенбеков, Халмурат Ибрагимов, Бексултан Назарбаев, Ренат Ильяс уулу, Ильгиз Билимов, Мелис Айтбеков, Үзүр Жузупбековдор күч сынашат.

Ал эми эркин күрөш боюнча мелдеште Алмаз Сманбеков, Улукбек Жолдошбеков, Эрназар Акматалиев, Ислам Орозбеков, Мансур Сыргак уулу, Атай Изабеков, Сымбат Сулайманов, Динислам Таалайбек уулу жана Музафар Жаппуевдер кармашка түшөт.

Кыз-келиндер күрөшүндө Нураида Анаркулова, Назира Марсбек кызы жана Айпери Медет кызы күч сынашат.

Пикир

Оставить комментарий