• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз балы дүйнөнү багындырууда: Бул жолу Япониянын ири дүкөндөрүндө сатылууда

Коом 0


Бишкек, 26.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргыз балы япониялык ири дүкөндөрдү багындырууда. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигине КР атамекендик өндүрүүчүлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы Бакыт Дегенбаев билдирди.

Анын айтымында, кыргыз балы жыл санап дүйнөнүн ар кайсыл булуң-бурчунда сатылууда. Кыргызстан аталган продукцияны Японияга 2015-жылдан бери экспорттоп келери маалым, ал премиум класстагы дүкөндөрдө сатылат.

Кыргыз балынын баасы салыктарды эске алганда 250 мл 1 миң сом же 15 АКШ долларын түзөт.

“Японияда биздин бал көпчүлүгүнүн табитине төп келгендиги бизди абдан кубандырат, ал дүйнөнүн алдыңкы өндүрүүчүлөрүнө атаандаш боло алат”,-деп билдирди Дегенбаев.

Андан сырткары, атамекендик өндүрүүчүлөрдүн Ассоциациясынын төрагасы билдиргендей, бал Японияда азык катары эмес, дары катары колдонулат.

Пикир

Оставить комментарий