• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз чек арачылары Тажикстандын “Ляккан” жана “Богдари” чек ара заставаларына сокку урду

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.22. /Кабар/. 2022-жылдын 16-сентябры саат 14:00гө карата Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде кырдаал курч бойдон калууда.

КР УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, КР Чек ара кызматынын өздүк курамы айыгышкан салгылашууларды улантууда, кырдаалдын өзгөрүшүнө жараша адекваттуу чараларды көрүп, душманды ок атышууну токтотууга мажбурлоо үчүн заманбап курал-жарактарды жана техникаларды колдонууда.

"Баткен облусунун аймагындагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуу учурунда Кыргызстандын Чек ара кызматынын бөлүмдөрү Тажикстандын УКМКсынын «Ляккан» жана «Богдари» чек ара заставаларын аткылашты. Тажик тараптын коопсуздугун камсыздап жаткан бир топ оор техникаларды жок кылышты", - деп айтылат маалыматта.

Ведомстводон белгилешкендей, Тажикстандын аскерлери чек арага жакын жайгашкан айылдарынан ок чыгарып, муну менен алардын позицияларына жооп иретинде ок атууга мажбурлоодо. Ошондой эле тажик тарап чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонуп, муну менен карапайым калк арасында чоң жоготууга учуроодо.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен Баткендин Булак-Башы тилкесинде ок атылган. Көп өтпөй тажикстандык чек арачылар Баткендин Как-Сай жерлигиндеги “Достук” жана Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына ок чыгарышкан.

Төрт-Көчө жерлигинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилген.

Кечээ, 15-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлгөн.

Бүгүн, 16-сентябрда саат 06:00дө тажик тарап КР УКМКнын Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мазар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.

Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын "Көк-Таш" чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.

Саат 08:00гө карата Баткен районунун Кызыл-Бел, Көк-Таш, Тамдык, Достук айылдарында жана Төрт-Көчө участкасынын, Лейлек районундагы Кулунду, Достук, Максат, Сада 1, Акчечек, Катта-Туз, Маданият, Ленин жана Жаңы-Жер аймактарынын тургундары коопсуз жерге эвакуацияланууда.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар болууда.

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жалпы тогуз адам жабыркады: алты аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм).

Белгилей кетсек, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда буга чейин эки аскер кызматкери жана үч жай тургун (бирөө 11 жаштагы өспүрүм) жабыркаганы айтылган. Бүгүн, 16-сентябрда төрт жоокер жана 31 жабыркаган жаран бар экени маалым болду.

УКМК тажик тарап оор бронетехниканы, залптык реактивдүү системаларды (РСЗО) жана авиацияны колдонуп жатканын билдирди. Ошондой эле алар чек арага жакын жашаган тургундарын “тирүү” калкан катары колдонууда.

“Тажикстандын жерден жана абадан жасалган бардык чабуулдарын кыргыз тарап тосуп, Кыргызстандын аймагын, калктуу конуштарын басып алууга мүмкүнчүлүк бербей жатат. Окуя болгон жерде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев атышууну токтотуу жана абалды жөнгө салуу боюнча чараларды көрүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий