• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз чек арасында казакстандык жаран кармалды

Коом 0

Бишкек, 29.10.19. /Кабар/. Кечээ, 28-октябрь күнү "Чоң-Капка унаа жолу" көзөмөл өткөрмө жайында казакстандык жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, Казакстандын 51 жаштагы жаранынын Ауди 100 унаасын текшерүү маалында 12 калибрдеги 10 даана патрон табылган.

Ал жаран Кыргызстандан Казакстанга чыгып бара жаткан.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин ал жаран ИИМдин аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий