• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз-чех биргелешкен бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгү талкууланды

Коом 0

Бишкек, 15.09.21. /Кабар/. Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Чехиянын Кыргыз Республикасындагы элчиси Гикл Рудольф менен жолукту.

Шаардык муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар саркынды сууларды тазалоо жаатында чех технологияларынын потенциалын, келерки жылы Бишкекте "Жашыл технологиялар" кыргыз-чех биргелешкен бизнес форумун уюштуруу мүмкүнчүлүгүн талкуулашты.

Борбордун мэри форумду өткөрүүдө кызматташууга жана жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий