• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз делегациясы Британиядагы мекендештердин иштөө шарттары менен таанышты

Коом 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Улуу Британиядагы кыргызстандыктардын иштөө шарттары жана коопсуздугу менен таанышты.

Министрликтин маалыматына ылайык, 13-16-март күндөрү Кыргызстандын расмий делегациясы Улуу Британияга иш сапар менен барды. Анын курамына Кыргызстандын ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, Тышкы иштер министрлигинин жана Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) өкүлдөрү кирген.

Сапардын алкагында кыргыз делегациясы Улуу Британиянын Айлана-чөйрө, тамак-аш жана айыл чарба боюнча департаментинин (DEFRA), Улуу Британиянын бандитизм жана эмгекти кыянаттык менен пайдалануу башкармалыгынын (GLAA), Улуу Британиянын Азык-түлүк департаментининин, мындан тышкары, виза жана миграция департаментинин (UKVI) өкүлдөрү менен жолугушуулары болду. Анда мындан аркы кызматташууну талкуулоо, эмгек шарттарын мониторинг жүргүзүү жана Улуу Британияда иштеп жаткан кыргызстандыктардын кошумча муктаждыктарын тактоо үчүн өткөрүлдү.

Тараптар кызматкерлердин бакубаттуулугу, аларды ишке алуу тартиби, социалдык чегерүүлөр, медициналык камсыздандыруу маселелери, ошондой эле кыргызстандыктарга карата укук бузуулардын, адам сатуунун алдын алуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жана башка маселелер боюнча пикир алышты.

Делегация Улуу Британияга айыл чарба тармагы боюнча сезондук жумуштар үчүн келген мекендештерибиздин эмгектин уюштурулушун, алардын жашоосунун көптөгөн аспектилери менен таанышып, Staples Farm (Бостон, Англия) фермасына барышты.

Британ фермасынын администрациясы кыргыз тарапты Кыргызстандын жарандарынын жумуш убактысы, жашоо жана эс алуу шарттары, коопсуздук эрежелеринин сакталышы менен тааныштырды, ошондой эле чарба жана эгин чаап-жыйноону аянтына экскурсия уюштурду.

Пикир

Оставить комментарий