• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргыз делегациясы Ирандын президентинин инаугурациясына катышты

Саясат 0

Бишкек, 7-август /Кабар/. КР тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштаган кыргыз делегациясы 5-августта өткөн Ирандын президенти Хасан Роуханинин инаугурациясына катышты.

ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, иш чарага президенттердин, премьер-министрлер, парламент спикерлеринин, ТИМ башчыларынын деңгээлиндеги ар кыл мамлекеттердин делегациялары, ошондой эле, эл аралык жана аймактык уюмдардын жетекчилери катышышты.

Иш чаранын алкагында Абдылдаев эки жактуу жолугушууларды өткөргөнү маалымдалат. Анда эки тараптуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий