• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз делегациясы Кытай – Борбордук Азия IV кызматташуу форумуна катышты

Коом 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Нарын облусунун жетекчиси Аманбай Кайыпов баш болгон кыргыз делегациясы Кытай – Борбордук Азия IV кызматташуу форумуна катышты. Форум 13-майда кытайдын Цзинань шаарында болду.

Иш-чаранын учурунда башка делегациялардын башчылары менен эки тараптык аймактык кызматташуу маселелерин талкуулоо боюнча жолугушуулар болуп өттү.

Форумдун ишине Кытайдын провинцияларынын, Казакстандын, ϴзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Азербайжандын, Армениянын, Беларусдун, Молдованын, Россиянын мамлекеттик органдарынын, коомдук уюмдардын жана ММКдардын өкүлдөрү жана ШКУ Катчылыгынын өкүлдөрү катышышты.

КР Президентинин «2019-жылды Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» Жарлыгын аткаруу максатында КРнын КЭРдэги Элчилигинин колдоосунда Форумдун алкагында Кыргыз Республикасынын Нарын облусу менен Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясы ортосундагы боордош мамилелерди түзүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

Пикир

Оставить комментарий