• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз делегациясы Уфа жана Казань шаарларына барды

Маданият 0

Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Россияда Кыргызстандын маданият күндөрүн өткөрүүнү улантуу үчүн Кыргыз делегациясы Уфа жана Казань шаарларына келгендигин КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Алардын маалыматында, Кыргыз делегациясы КР маданият күндөрүн өткөрүү максатында Башкортостан Респуликасынын Уфа шаарына келген.Ошондой эл, эле кыргыз делегациясынын бир бөлүгү Кыргызстандын маданият күндөрүн унутулгус, жогорку деңгээлде өткөрүү үчүн Татарстан Республикасынын Казань шаарына барышты.

Башкортостан Респуликасындагы делегациянын курамында Киноматография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев, КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин искусствону өнүктүрүү боюнча башкаруу жетекчиси Дамира Алышбаева, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын директору Кыргызбай Осмонов, көркөм жетекчиси жана аткаруучусу Алтынбек Максутов, Кыргыз Республикасынын эл артисти С.Садыкова, Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын солисти У.Качкыналиев, “Ак-Марал” мамлекеттик бий ансамбли, кинорежиссер Дастан Жапар уулу жана манасчы Самат Көчөрбаев , сүрөтчүлөр ж.б бар.

Татарстан Республикасындагы кыргыз делегациянын курамында Жогорку Кеңештин депутаты, режиссер Садык Шер-Нияз, Маданият министрлигинин өкүлдөрү, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директору Болот Осмонов, КРнын эмгек сиңирген маданият кызматкери Э.Самарбекова, А.Жумакматов атындагы Мамлекеттик симфониялык оркестр жааматы, эл аралык сынактардын лауреаты З.Райымбкеова, Ж.Ысманов, А.Момунов жана Саян Исин, кинорежиссер Ника Жолдошева ж.б. бар. Башкортостанда Кыргыз Республикасынын маданият күндөрү 2017-жылдын 22-июнунда, ал эми Татарстанда 23-июнда өтөт.

Азыркы учурда КРнын делегациясы Башкортостан Республикасынын маданият минисрлиги жана Татарстан Республикасынын маданият министрлиги менен биргеликте алдыда өтүлүүчү иш-чарага даярданып жатышат.

Пикир

Оставить комментарий