• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз делегациясы Кореяда Жашыл климаттык фонддун конференциясына катышууда

Коом 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. 13-сентябрдан 15-сентябрга чейин Кореянын Инчхон шаарында Жашыл климаттык фондду программалоо боюнча экинчи Глобалдык конференция өтүүдө.

КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, конференциянын ишине кыргыз тараптан Жашыл климаттык фонд менен иштөө боюнча улуттук координатор болуп саналган жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Б.Ибраимов жана Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги аткаруучу директору М.Наспеков катышууда.

Конференциянын негизги максаты - абага эмиссияларды жана климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту кыскартуу боюнча узак мөөнөттүү стратегияларды трансформациялоо боюнча жогорку деңгээлдеги диалог үчүн аянтчаны камсыз кылуу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий