• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз диаспорасы Якутияда мигранттарга иштөөгө тыюу салууга байланыштуу Путинге кайрылат

Коом 0

Бишкек. 28.03.19 /Кабар/. Россиядагы кыргыз диаспорасы Якутияда мигранттарга айрым тармактарга иштөөгө тыюу салуу чечимине байланыштуу президент Владимир Путинге кайрылат. Бул тууралуу "Кыргыз биримдиги" уюмунун башчысы Абдыганы Шакиров "Говорит Москва" радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Якутия жетекчилигинин мындай чечими Россия Федерациясынын жана Евразиялык экономикалык биримдигинин нормаларына каршы келет.

Буга байланыштуу мигранттар Владимир Путинге тиешелүү кайрылуу даярдап, бул маселени чечип берүү суранычы менен орус президентине жөнөтүшөт.

Буга чейин Якутиянын (Саха Республикасы) башчысы Айсен Николаев башка өлкөлөрдөн келген мигранттарга айрым тармактарда иштөөгө тыюу салды. Мындай тармактардын тизмесин кеңейткен буйрук Саха Республикасынын башчысынын расмий (glava.sakha.gov.ru) сайтында жарыяланды.

Жалпысынан мигранттарга 33 тармакта иштөөгө тыюу салынды.

Маалыматка ылайык, патенттин негизинде иштеп жүргөн чет өлкөлүк жарандарга такси, коомдук транспорт жана жүк ташуучу унааларды айдоого тыюу салынат.

Мындан тышкары, тамак-аш, суусундук, кийим-кече өндүрүшүндө, айыл-чарба, билим берүү жана саламаттык сактоо тармагында дагы иштөөгө болбойт.

Эске салсак, 17-мартта Якутск шаарында Кыргызстандын жараны жергиликтүү аялды зордуктаган деп айыпталууда. Ал күнөөсүн мойнуна алганы, кылмышка көмөктөшкөн башка эки адам дагы кармалганы кабарланууда.

Бул жагдай жергиликтүү эл арасында коомдук резонанс жараткан. Бул окуядан кийин Якутск шаарынын миңдеген тургундары катышкан митинг өткөн.

Миграция кызматынын маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Россиянын аймагында 640 миң кыргыз жараны эмгектенсе, алардын 10 миңи Якутиянын аймагында.

Пикир

Оставить комментарий