• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргыз дипломаттары СУАРга барып, кырдаал менен таанышып келишти

Коом 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. Кыргыз дипломаттары Кытайдын Синьцзян-Уйгур автоном районуна (СУАР) барып, ал жактагы кырдаал менен таанышып келишти. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 9-январда кабарлады.

Маалыматка ылайык, 28-декабрдан 30-декабрга чейин Кытай тараптын чакыруусу менен 12 өлкөнүн дипломатиялык миссиялары – Кыргызстан, Казакстан, Россия, Тажикстан, Өзбекистан, Афганистан, Индия, Индонезия, Кувейт, Малайзия, Пакистан, Таиланд – СУАРдагы Урумчи, Кашгар жана Хотан шаарларына барышкан.

Дипломаттар аймактын социалдык-экономикалык абалы менен таанышып, маданий жерлерине, билим берүү мекемелерине, мечиттерине жана базарларында болушкан.

Сапардын алкагында элчиликтердин тарбиялоочу лагерлерге да барып, ал жакта окугандар менен жолугушуп, алардын абалы менен таанышкан. Бирок Кыргызстандын Тышкы иштер министри бул тууралуу кенен маалымат берген жок.

Эске салсак, Кытайдын СУАР аймагында миңдеген мусулмандардын жана аз улуттардын өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлерде" кармалып жатканы тууралуу кабар 2016-жылдан бери айтылып келет.

Буга чейин Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) мындай лагерлерде 1 млн чейин адам отурганын тастыктаган ишенимдүү булактар бар экенин билдирген.

Былтыр декабрда БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишел Бачелет уюмдун эксперттери Шинжаңдагы казак, уйгур, кыргыз, татар улутундагылардын абалы тууралуу "кооптондурган маалыматты" алып жатышканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий