• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз дизайнери креатив фестивалынан “Мыкты упаковка” номинациясын жеңип чыкты

Маданият 0

Бишкек, 06.09.17 /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык дизайнер Марсель Шейшенов Fakestival эл аралык фестивалында “Мыкты упаковка” номинациясында жеңип чыкты. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазган.

Шейшенов бамбуктун секциясынын формасындагы бамбук ширеси үчүн темир банканын жасалгасын ойлоп тапкан. Ал түшүндүргөндөй текчеде кадимки бамбук сыяктуу тизилет. Бамбуктун ар бир секциясында суу же шире бар.

“Банканын артыкчылыгы ал тизгенде бамбук сыяктуу болуп, алыстан эле көзгө урунат. Ал эми башка банкалар булар сыяктуу бирдиктүү образды түзө алышпайт”, - деп сүрөттөлөт анын эмгеги.

Фейкстиваль – бул алгачкы жана жалгыз эл аралык чек креативдин фестивалы болуп саналат. Ал жакшы идеялар жолдо калбай, алардын авторлорун таанытуу үчүн ойлоп табылган.

Пикир

Оставить комментарий