• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргыз драма театрынын оңдоп-түзөөдөн кийинки көрүнүшү – сүрөт

Маданият 0

Бишкек, 30.03.22. /Кабар/. Бишкектеги Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театры бир канча жылга созулган оңдоп-түзөөдөн кийин эшигин ачты.

Оңдоо иштери 2019-жылы башталып, ага 84 млн 605,1 миң сом сарпталган.

Маданият министрлигинин маалыматы боюнча, оңдоо иштеринин алкагында театрдын имаратынын фасады оңдолуп, отургучтар алмаштырылды. Мындан сырткары, сахнанын техникалык жабдуулары жана жарыктандыруусу оңдолуп, айнек, пардалар алмаштырылды.

Эскерте кетсек, 2021-жылдын 2-августунда театрды оңдоо үчүн кошумча 44 млн 722,9 миң сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий