• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргыз Эл акыны Омор Султановдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилди

Коом 0

Бишкек, 05.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 5-апрелде кыргыз Эл акыны, жазуучу, сценарист, коомдук ишмер, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Омор Султанов акыркы сапарга узатылды.

Коштошуу зыйнатына мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов, Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук-маданий ишмерлер, туугандары жана кесиптештери катышты.

Анда Омор Султановдун өмүрү чыгармачылыгы, мекенчилдиги, ишмердүүлүгү тууралуу бир катар жылуу пикирлер айтылып, жасап кеткен эмгектери эскерилди.

Маркумдун сөөгү "Ала-Арача" көрүстөнүнө жерге берилди.

Эске салсак, Омор Султанов 2022-жылдын 3-апрелинде 86 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Омор Султанов 1935-жылдын 6-ноябрында Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий