• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз Эл артисти Асанкул Осмонов менен коштошуу зыйнаты өтөт

Коом 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, театр жана кино актеру Асанкул Осмонов менен коштошуу зыйнаты өтөт.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында саат 10:00дө башталат.

Эске сала кетсек, Асанкул Осмонов ушул жылдын 26-мартында 88 жашында дүйнө салды.

Асанкул Осмонов 1935-жылдын 1-мартында Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында туулган.

Пикир

Оставить комментарий