• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргыз эл артисти Дүйшөнбек Байдөбөтов көз жумду

Коом 0

Бишкек, 07.07.18. /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Кыргыз эл артисти, таланттуу актёр Дүйшөнбек Байдөбөтов каза болду. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, актёр бүгүн, 7-июлда болжол менен саат 9:00дөр чамасында көз жумган.

Дүйшөнбек Байдөбөтовдү акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең Ысык-Ата районуна караштуу Үч-Эмчек айылында болот.

Байдөбөтов тирүү болгондо быйыл 5-декабрда 70 жашка чыкмак.

“Кабар” маалымат агенттиги актёрдун жакын туугандарына, санаалаштарына жана сапарлаштырына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Пикир

Оставить комментарий