• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Кыргыз эл артисти Нуржамал Табалдиеванын чыгармачылык кечеси өтөт

Маданият 0

Бишкек, 09.10.19. /Кабар/. Кыргыз эл артисти Нуржамал Табалдиеванын чыгармачылык кечеси белгиленет. Бул тууралуу КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2019-жылдын 10-октябрында Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз эл артисти Нуржамал Табалдиеванын сахнадагы 50 жылдык “Жазым келчи” аталышындагы мааракеси өтөт.

Табалдиева Б. Бейшеналиева атындагы КМИИнин маданий-агартуу факультетин бүтүргөн.

Ал 1969-жылдан тартып ушул күнгө чейин Т. Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясында эмгектенип келет. Ал кең диапазондуу коңур үнү менен көптөгөн ырларды аткарып, Кыргыз Республикасынын атынан Япония, Швеция, Швейцария, Бельгия, Франция, Тунис, Вьетнам, Камбожа, Лаос ж. б. өлкөлөрдө гастролдо болуп, кыргыз маданиятынын таанылуусуна зор салымын кошкон.

Нуржамал Табалдиева Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Орто-Суу айылында 1952 – жылы туулган. Учурда эл артисти 67 жашта.

Пикир

Оставить комментарий