• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз Эл артисти Офелия Еркимбаева дүйнө салды

Маданият 0

БИШКЕК, 11.08.17. /Кабар/. 80 жаш курагында Кыргыз Эл артисти Офелия Еркимбаева дүйнө салды деп билдирди Маданият, маалымат жана туризм министри.

Еркимбаева Офелия Шергазиевна, 1937-жылы туулган, Москвадагы А.В. Луначарский атындагы мамлекеттик театралдык искусство институтун 1962-жылы бүтүргөн. Кесиби боюнча актриса, ошол эле окуу жайдын режиссерлугун 1971-жылы аяктаган.

Еркимбаева Офелия Шергазиевна режиссёр-постановщик болуп эмгектенген. Өзүнүн иш жолунда Еркимбаева ар кайсы жылдары телеканалдарда режиссёр- ассистент, Нарын музыка-драматикалык театрында актриса болуп жана спектаклдерди коюп эмгектенген.

Ал бир катар пьесаларды койгон:: Г.Фигейредонун «Эзоп», А.Островскийдин «Без вины виноватые», Н.Гоголдун «Женитьба», К.Чапектин «Мать», А.Салынскийдин «Мария» жана башкалар.

Маданият жана искусство тармагында жасаган эмгектери үчүн 2003-жылы Еркимбаевага Маданияттын мыкты кызматкери, ал эми 2008-жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамы ыйгарылган.

Пикир

Оставить комментарий