• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргыз эл баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиев дүйнө салды

Коом 0

Бишкек, 25.04.21. /Кабар/. Кыргыз эли оор жоготууга учурады.

Кыргыз эл баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиев 85 жаш курагында 25-апрелде дүйнө салды. Аталган маалыматты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен тастыкташты.

Маалыматка ылайык, жазуучу катуу оорудан улам каза болгон.

Бексултан Жакиев 1936-жылы 16-январда Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылында туулган.

"Кабар" агенттигинин жалпы жамааты маркумдун жакындарына, туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөт.

Пикир

Оставить комментарий