• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы белгиленди

Коом 0

Бишкек, 27.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-октябрда, А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун 90 жылдыгы салтанаттуу белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов, Жазуучулар союзунун төрагасы Нурланбек Калыбеков, маданий тармагынын ири өкүлдөрүнүн жана туугандарынын катышуусу менен өттү.

Салтанат Касымбеков тууралуу атайын даярдаган даректүү тасма менен башталып, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын чыгармалык тобу тарабынан даярдалган программа менен коштолду.

Төлөгөн Касымбеков Аксы районундагы Ак-Жол кыштагында 1931-жылы 15-январда туулган. Орто мектепти бүтүп, эки жыл баштапкы мектептерде мугалим, Кичи-Ак-Жол айылдык советинин жооптуу катчысы болуп иштеген.

Касымбеков Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин 1957-жылы аяктап, Кыргызокуупедмамбастын балдар адабияты боюнча редакциясынын редактору, 1960-1973-жылдары "Ала-Тоо" журналында бөлүм башчы, жооптуу катчы, башкы редактор, 1973-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода боюнча мамлекеттик комитетинде башкы редактор, 1974-1981-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунда адабий консультант, 1987-жылы ВААПтын Кыргызстандагы бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Белгилүү жазуучу 1959-жылдан тартып СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. 1986-жылы "Кыргыз эл жазуучусу" наамын алган.

1990-1994-жылдары Кыргызстандын эл депутаты, тил, маданият жана билим боюнча, улуттар аралык парламенттик комиссиянын жетекчиси жана эркин Кыргызстан Жазуучулар союзунун башчысы болгон.

Сыйлыктары: Адабиятка сиңирген эмгеги үчүн В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына "Каарман эмгеги үчүн" медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган. 2005-жылы Мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн "Кыргыз тили" төш белгиси, "Даңк" медалы, 2001-жылы I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. 2006-жылы КРдин Мамлекеттик Токтогул сыйлыгынын лауреаты болуп, 2006-жылы "Кыргыз Эл Баатыры" наамы ыйгарылып, "Ак шумкар" менен белгиленген. Ал эми 1998-жылы "Руханият" эл аралык ассоциациясынын сыйлыгы берилген.

Кыргыз эл жазуучусу Төлөгөн Касымбеков 2011-жылы 17-июнда 80 жашында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий