• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргыз элчилиги Индияда өткөн Эл аралык кайрымдуулук дипломатиялык базарга катышты

Коом 0

Бишкек, 04.12.18 /Кабар/. Кыргызстандын Индиядагы элчилиги жыл сайын өтүүчү Эл аралык кайрымдуулук дипломатиялык базарга катышты. Бул жылы эл аралык иш-чара Индияда аккредитацияланган 35-тен ашуун дипломатиялык миссияларды бир жерде чогултту.

Ар бир өлкө көргөзмөдө эң мыкты буюмдарды жана продукцияларды, ар түрдүү тамак жана салттуу кийимдерди тартуулады. Дипломатиялык базар музыка, бий жана чет өлкөлүк мамлекеттердин жана Индиянын чыгармачыл топторунун аткаруулары менен коштолду.

Кыргызстан жыл сайын өтүүчү көргөзмөнүн туруктуу катышуучусу катары, бул кезек абдан даамдуу кыргыздын балын, Кыргызстандын аймактарынан келген ар түрдүү айыл чарба азыктарын жана ар түрдүү улуттук сувенирлерди тартуулады.

Кыргызстандын павильону ар дайым экологиялык таза азыктарынын түрлөрү менен кызыктырат, алар бул жолу да зор кызыгуу менен миңдеген жарманкенин конокторунун көңүлүн бурду.

Көргөзмөнүн жыйынтыгы боюнча ар бир мамлекет жардам берүү максатында борбордо жайгашкан колунда жок адамдар үчүн медициналык борборлорунун бирине кайрымдуулук катары салым кошот.

Пикир

Оставить комментарий