• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргыз элчиси Япониянын Футбол ассоциациясынын президенти менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Кечээ, 10-октябрда Кыргызстандын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Япониянын Футбол ассоциациясынын президенти К.Ташим менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Мирлан Арстанбаев Кыргызстан жана Япониянын ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү спорттун маанилүү ролун эске салды. Жолугушууда эки өлкө ортосундагы беттештин алкагында кошумча иш-чараларды уюштуруу сунушталды.

"Тараптар 2022-жылы Катарда өтүүчү футбол боюнча Дүйнөлүк биринчилигине карата ушул жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында жана 2020-жылдын 9-июнунда Японияда өткөрүүгө пландаштырылган тандоо оюндары тууралуу пикир алмашышты", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий